Connect with us

ЖК депутаты добушун бармак изи же Face ID аркылуу гана бере алат

Кыска кабар | 29 Июн 2022 | 371 | 0

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жаңы регламенттин долбоору каралып жатат. Депутат Марлен Маматалиев бул боюнча жасаган баяндамасында «депутаттар добушун бармак изи же Face ID аркылуу гана бере алат» деген берене кирип жатканын маалымдады.

Маматалиев мунун арты менен бири-бирине добуш берүүгө, жок депутаттардын кнопкасын басып коюуга бөгөт коюларын айтат. Бул механизмди ишке ашыруу үчүн Корея мамлекети гранттык негизде каражат бөлүп жатканын да кошумчалады.

Андан тышкары аралыктан иштөө муктаждыгы пайда болгон учурда (2020-жылдагы коронавирус пандемиясынан улам кабыл алынган карантин убагы сыяктуу) Жогорку Кеңештин ишин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн онлайн платформалар аркылуу жыйын өткөрө берүү сунушталууда.

Аны менен катар ишеним кат аркылуу добуш берүү жоюлат. Дагы бир өзгөртүү: мындан ары жыйында отурган депутат таптакыр добуш бербей коё албайт, сөзсүз түрдө «макул», «каршы», «калыс» деген үч чечимдин бирин тандашы керек болот. Депутат добушун бир жолу бербей койсо, Башмйзамдын 86-беренесине ылайык, кайра добушка коюлбай, басылган добуштар аркылуу эсептелип кете берет.

Ошондой эле депутат 10 жалпы жыйынга эч себепсиз катышпай коё турган, мыйзам долбоор же башка маселелерге себепсиз добуш бербей коё турган болсо, анда ал дароо мандатын тапшырууга мажбур болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM