Биз менен байланышыңыз

Балбан Жоламан Шаршенбеков балдардын жайкы лагерине барды

Кыска кабар | 28 Июн 2022 | 227 | 0

Бүгүн, 28-июнда балдар эс алып жаткан жайкы лагерге Азия чемпиону, балбан Жоламан Шаршенбеков келди. «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулуп жаткан бул лагерге Кыргызстандын жети облусунан 140 бала чогулган.

Спортчу балдарга грек-рим күрөшү боюнча айтып, спорт менен машыгуунун пайдаларын түшүндүрдү.

«Спортко кызыгуусу болгон гана балдарды машыгууга үндөйм. Эгер каалооңуз болбосо, анда машыгуудан эч кандай майнап чыкпайт. Спорт — биринчи кезекте чың ден соолук жана тартип. Адамда ушул эки нерсе болсо, ал сөзсүз чоң ийгиликтерди багындырат. Мен силерге ишенем, келечекте Кыргызстандын желегин желбиреткен жаштардан болгула», — деди Шаршенбеков.

Балдар балбанды шаңдуу, жакшы маанайда тосуп алып, суроолорун узатышты. Балбан бардык суроого жооп берип, чакан чеберчилик сабак өтүп берди. 

Иш-чарадан соң «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Айдар Кубанычбеков балбанга ыраазычылык иретинде «Боорукер жүрөк» медалын тапшырды.

Жакыр үй-бүлөлөрдөн келген, жардамга муктаж болгон балдардын жайкы лагери Америкада иштеген кыргызстандыктар, «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.

Программага ылайык балдар 5 күн акысыз эс алышат.

Ар бир 11 балага бирден тарбиячы бекитилген. Балдардын саламаттыгын көзөмөлдөө үчүн дарыгер бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM