Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: «Чыгыш электрдин» жетекчилиги 20 млн сомду мыйзамсыз сарптаган

Кыска кабар | 28 Июн 2022 | 341 | 0

«Чыгыш электр» ачык акционердик коомунда олуттуу каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө ишкананын чыгашасы көптүгүнө карабай кызматкерлерге айлыктан тышкары да кошумча сый акы берилип турары аныкталган. 2021-жылы 13 млн 601 миң 700 сом бекитилген суммадан ашыкча сыйлык катары таратылган.

Андан тышкары коомдун эмгек акы фондунда үнөмдөлгөн акча жогу эске алынбастан, энергетиктердин майрамына карата дагы 6 млн 890 миң сом мыйзамсыз төлөнгөн. Мыйзамсыз аракеттерден өлкө казынасы жалпы 20 млн 491 миң 700 сом зыянга учураган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укугун кыянат пайдаланышы) менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM