Биз менен байланышыңыз

Лагердеги 140 бала менен психолог, соцкызматкерлер иш алып барууда

Кыска кабар | 28 Июн 2022 | 152 | 0

Бүгүн, 28-июнда «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган жайкы лагерге, өлкөнүн жети облусунан келген 140 бала эс алып жаткан пансионатка социалдык кызматкерлер жана психологдор келишти.

Алар балдар менен психологиялык, интеллектуалдык оюндарды ойноп, ар бир бала менен жекече сүйлөшүп, суроо-жооп кылып, кызыктуу темаларды талкуулашты. 

Мындан сырткары психолог тарбиячыларга балдар менен иштөө, «өзгөчө» балдарга кандай мамиле кылуу сыяктуу темаларда окутуу өткөрдү.

Жакыр үй-бүлөлөрдөн келген, жардамга муктаж болгон балдардын жайкы лагери Америкада иштеген кыргызстандыктар, «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.

Программага ылайык балдар 5 күн акысыз эс алышат.

Ар бир 11 балага бирден тарбиячы бекитилген. Балдардын саламаттыгын көзөмөлдөө үчүн дарыгер бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM