Биз менен байланышыңыз

Кыз-келиндер күрөш залы жыл аягында курулуп бүтөт

Кыска кабар | 28 Июн 2022 | 271 | 0

Бишкек шаарындагы «Жаштык» спорт комплексинде салынып жаткан кыз-келиндер күрөш залы ушул жылдын аягында курулуп бүтөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кабарлады.

1875,2 чарчы метр аянттагы спорт комплекс цоколу менен эсептегенде жалпысынан 3 кабат болот. 30 спортчуга ылайыкташкан имаратта бардык заманбап шарттар түзүлөт. Тагыраагы, күрөш залы, машыгуу залы, калыбына келтирүүчү медициналык бөлмөлөр, машыктыруучулардын иш бөлмөлөрү, спорттук салтанат, иш-чараларды өткөрүү залы, ашкана, уктоочу бөлмөлөр салынат.

Учурда цоколдук кабат бүткөрүлүп, биринчи кабаттын бетон тосмолору куюлуп жатат. Имаратты салууга жалпысынан 98 млн 677 миң 220 сом каралып, бул жылкы курулуш үчүн 95 млн 911 200 сом бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM