Биз менен байланышыңыз

Муздаткыч саткандар маалыматтык системага милдеттүү катталышы керек

Кыска кабар | 28 Июн 2022 | 259 | 0

Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тизмеге киргизилген товар жүгүртүүчү ишкерлер 1-июлдан тарта маалыматтык системадан каттоодон өтүп, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. 

Атап айтканда, ЕАЭБ бажы аймагына ташып келинген, пилоттук долбоордун алкагында байкоо жүргүзүлүп жаткан товарлардын тизмесине ылайык1-июлдан баштап ЭТТКны колдонууга ЕАЭБ ТЭИ ТН 8418 10 200 18418 10 800 18418 21 100 08418 21 510 08418 21 590 08418 21 910 08418 21 990 08418 30 200 18418 30 800 18418 40 200 18418 40 800 1 коддору менен тиричилик муздаткычтарын жана тоңдургучтарды жүгүртүү кирет.

ЭТТК системасына катталуу Салык кызматынын сайтындагы «жеке кабинет» аркылуу ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, ЭТТК маалыматтык системасы коштомо кагазды тариздөөгө, аларды реалдуу режимде контрагентке берүүгө мүмкүндүк берүүчү салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат. Анын арты менен ишкерлер ашыкча кагаз иштеринен кутулуп, убактысын да үнөмдөп калат. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM