Биз менен байланышыңыз

Лагердеги 140 бала «Алыкул» кемеси менен «Рух Ордого» барышты

Кыска кабар | 27 Июн 2022 | 578 | 0

Кыргызстандын жети облусунан келген 140 бала Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы Hollywood Camp жайкы лагеринде эс алышууда.

Алар бүгүн, 27-июнда «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Айдар Кубанычбековдун, тарбиячылардын, дарыгердин коштоосунда Бостери айылынан «Алыкул» кемесине түшүштү.

Анда балдар үчүн бий жана интеллектуалдык оюндар уюштурулду.

«Балдардын 90%ы кемеге биринчи жолу түшүп жатышат. Аларга көлдүн кооздугун, тазалыгын көрсөтүп, жакшы сезимдерди, унута албай турган эмоцияларды тартулоо максатында уюштурдук», — деди уюштуруучулардын бири.

Андан кийин балдар Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» тарыхый музейине экскурсияга барышты.

«Рух Ордо» музейинин жана «Алыкул» кемесинин жетекчилиги балдарга көмөк көрсөтүү максатында акысыз экскурсия уюштуруп беришти.

Бул үчүн «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Айдар Кубанычбеков жетекчилерине ыраазычылык билдирип, «Боорукер жүрөк» медалын тапшырды.

Жакыр үй-бүлөлөрдөн келген, жардамга муктаж болгон балдардын жайкы лагери Америкада иштеген кыргызстандыктар, «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.

Программага ылайык балдар 5 күн акысыз эс алышат.

Ар бир 11 балага бирден тарбиячы бекитилген. Балдардын саламаттыгын көзөмөлдөө үчүн дарыгер бар.





Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM