Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда президенттин иштөө мөөнөтү 7 жылга узарышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2022 | 397 | 0

Өзбекстанда Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынса, президенттин шайлануу мөөнөтү беш жылдан жети жылга узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу kun.uz сайты жазды.

Маалыматка караганда, учурда Башмыйзамды кайра жазуу үчүн жумушчу топ иштеп жатат. Аларга өлкө башчынынын кызматтык мөөнөтүн узартуу сунушу түшкөн. Эгер сунуш кабыл алынса, анда президент мындан ары жети жылга шайланат.

Айта кетсек, буга чейин Өзбекстан Олий Мажлис сенатынын төрагасынын биринчи орун басары Содик Сафоев жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде Шавкат Мирзиёев жаңы Башмыйзам боюнча кайрадан шайлоо өткөрүүгө, анын негизинде кайрадан талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан. Бул жагдай президенттин жана ал жетектеген партиянын чечимине жараша болорун кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM