Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу жогорку упайга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Быйыл эң жогорку упай 235 болду, аны Бишкек шаарындагы № 70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү Колбаев Эрлан алды.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 235тен 221ге чейин упай топтогондор:
Бишкек шаарынан — 35 окуучу;
Ош облусунан — 7 окуучу;
Ысык-Көл облусунан — 5 окуучу;
Чүй облусунан — 4 окуучу;
Баткен облусунан — 3 окуучу;
Нарын облусунан — 2 окуучу;
Жалал-Абад облусунан — 1 окуучу.
24-25-июнда өткөн тестирлөөнүн III этабынын жыйынтыгы менен бул тизме толукталышы мүмкүн.