Биз менен байланышыңыз

«Чоң-7нин» төрт өлкөсү Орусиянын алтынына санкция салат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2022 | 165 | 0

Улуу Британия, АКШ, Канада, Япония Орусиядан алтын импорттого тыюу салуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кечээ, 26-июнда «Чоң-7нин» (G7) Германияда өткөн саммитинде кабарлады.

Айта кетсек, буга чейин Reuters маалымат агенттиги Орусиянын алтынын алууга Франция, Германия, Италия да каршы экенин жазган.

Борис Жонсондун айтымында, бул чара кийинки убактарда активдерин алтынга алмаштыра баштаган орус олигархтары менен «путинчил күчтөргө» сокку урат. Бирок анын буга чейин жүгүртүүгө чыгып кеткен Орусия алтындарына тиешеси болбойт, тагыраагы, мындан ары алтын алууга тыюу салынат.

Орусия 2021-жылы алтынды экспорттоодон 15 млрд доллар пайда көргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM