Кыргызстанда 30-июнга чейин нормадан тыш ысык болуп, күндүн табы +40 градуска чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
27-30-июнь күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө +36…38°ка чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +38…40 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.