Биз менен байланышыңыз

Балдардын лагердеги биринчи күнү китеп окуу, оюндар, бий менен өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 26 Июн 2022 | 463 | 0

Бүгүн, 26-июнда Кыргызстандын жети облусунан келген 140 бала Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы Hollywood Camp жайкы лагерине жайгаштырылды.

Жакыр үй-бүлөлөрдөн келген, жардамга муктаж болгон балдардын жайкы лагери Америкада иштеген кыргызстандыктар, «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.

Программага ылайык балдар беш күн акысыз эс алышат.

Бүгүн алар лагерге жайгаштырылып, тайпаларга бөлүнүп, китеп окуп, спорттук оюндарды ойноп, бийлешти.

Кечинде Чолпон-Ата шаарындагы «SOS балдар айылы» деп аталган балдар үйүнүн директору Нурбек Богачиев балдар менен иш алып баруу боюнча тарбиячылар үчүн тренинг өткөрдү.

Ар бир 11 балага бирден тарбиячы бекитилген. Балдардын саламаттыгын көзөмөлдөө үчүн дарыгер да келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM