Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын эки окуучусу эл аралык олимпиадада коло медаль алышты

Кыска кабар | 26 Июн 2022 | 222 | 0

Кыргызстандын окуучулары математика боюнча Азия-Тынч океан эл аралык олимпиадасында коло медаль алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Отуз төртүнчү ирет өтүп жаткан бул эл аралык олимпиадада Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу Фёдор Корнияш менен Чыңгыз Айтматов атындагы «Сапат» лицейинин 11-классынын окуучусу Тилек Аскербеков үчүнчү орунду ээлешкен.

Кыргызстандык окуучулар математика боюнча Азия-Тынч океан олимпиадасына 2009-жылдан бери катышып келет. Бул жылдар аралыгында өлкөнүн курама командасы 9 коло медаль алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM