Биз менен байланышыңыз

Жайкы лагерь: Балдардын эс алуусу башталды

Кыска кабар | 26 Июн 2022 | 393 | 0

Бүгүн, 26-июнда Кыргызстандын жети облусунан келген 140 бала Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы Hollywood Camp жайкы лагерине жайгаштырылды.

Быйыл өзгөчө басым Баткен облусуна жасалып, анын ар кайсы айылынан 60тай бала келген.

Жакыр үй-бүлөлөрдөн келген, жардамга муктаж болгон балдардын жайкы лагери Америкада иштеген кыргызстандыктар, «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.

Лагердин алкагында балдар жаңы нерселерди үйрөнүп, билим алып, интеллектуалдык жана спорттук оюндарга, кол өнөрчүлүк, актердук чеберчиликке үйрөнүшөт. Ошондой эле ар бир бала менен психолог иш алып барат.

Балдар Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан учак менен Бишкекке учуп келишти. Аларды аба майдандан уюштуруучулар тосуп алып, кайгуул кызматынын (МАИ) коштоосунда Ысык-Көлгө жеткирилди.

Балдарга көмөк көрсөтүү максатында Tez Jet авиакомпаниясы атайын учак бөлүп, алыскы аймактардан Бишкекке 91 баланы акысыз алып келген.

«Элим барсыңбы?!» жети облустан 140 баланы Ысык-Көлдө эс алдырат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM