Биз менен байланышыңыз

Баткенде 3,5 тонна жер семирткич алып кирген жаран 7500 сом айып төлөдү

Кыска кабар | 26 Июн 2022 | 217 | 0

Үч жарым тонна жер семирткичти аткезчилик жол менен алып келаткан адам 7500 сом айып төлөдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Баткен районунун Чоң-Талаа айылы тушундагы «Айрылыш» көчмө постунан Бажы кызматынын облустук бөлүмү менен чек арачылар С.С.А. аттуу Кыргызстан жараны айдаган Mercedes-Benz унаасын токтотушкан.

Текшерүүдө унаадан 3500 кг «аммиак селитрасы» минералдык жер семирткичи табылган. Товардын коштоочу документтери, уруксат кагаздары болгон эмес.

Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмү товардын жалпы наркы 147 миң 300 сом болорун эсептеп беришкен.

Иштин натыйжасында атайын протокол түзүлүп, кармалган айдоочу укук бузганы үчүн 7500 сом айып, андан тышкары 18 миң сом бажы алымын төлөгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM