Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектеги карызы бар 7 миң абоненттин свети өчүрүлөт

Кыска кабар | 26 Июн 2022 | 166 | 0

Эртең, 27-июндан тарта Бишкек шаарындагы электр энергиясына карызы бар жети миң абоненттин свети өчүрүлөт. Маалымат «Түндүк электр» ишканасынын сайтына жарыяланды.

Ишкана абоненттерден карыздарын төлөөнү эскертип, аны «Абоненттин балансы» бөлүмүнөн текшерип турса болорун билдирген. Андан тышкары 1209 кыска номерине чалып же (0556) 001-209 WhatsApp номерине жазып, маалымат алып турса да болот.

Абоненттер карыздарын Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), MegaCom, «О!», «Оңой» терминалдарынан же «РСК», «ДосКредо», «Керемет», «Бакай», «Кыргызстан», «Халык», КICВ, «Оптима» банктарынын жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кассасынан төлөй алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM