Биз менен байланышыңыз

Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айкели Венгрияда тургузулат

Кыска кабар | 26 Июн 2022 | 496 | 0

ХХ кылымдын залкар манасчысы Саякбай Каралаевдин айкели Венгрия өлкөсүндө тургузулат. Бул тууралуу ТүркСОЙ эл аралык уюмунун башкатчысы Султан Раев «Фейсбук» баракчасына жазды.

Султан Раев Венгрия парламентинин төрагасынын орун басары Шандор Лежак менен жолукканын, анда мажар-ТүркСОЙ маданий кызматташтыгын талкуулаганын билдирди.

Ошондой эле Султан Раев Венгрияга Саякбай Каралаевдин айкелин тургузууну сунуштаган. Шандор Лежак бул сунушту колдоого алып, атайын жер бөлүүгө убадасын берген.

Саякбай Каралаев 1894-жылы Тоң районундагы Ак-Өлөң айылында туулган. Анын айтуусундагы 500 миң 553 саптан турган «Манас» эпосунун үчилтиги тең толук кагазга жазылып алынган.

Ошондой эле «Манас» эпосу Саякбай Каралаевдин айтуусунда Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» жаздырылып алынган. Андан тышкары режиссёр Мелис Убукеев «Улуу манасчы» даректүү тасмасына да түшүрүп калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM