Биз менен байланышыңыз

Президент юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 26 Июн 2022 | 291 | 0

26-июнь Кыргызстанда юристтердин кесиптик күнү катары белгиленип келет. Буга байланыштуу өлкө башчысы Садыр Жапаров өз куттуктоосун жолдоду.

«Сиздерге мыйзамдуулуктун, адилеттүүлүктүн бийик идеалдарын жактоо, Кыргызстандын укуктук мамлекет катары өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу, ар дайым акыйкаттык жолунда, мыйзам тарабында туруу боюнча улуу милдеттер жүктөлгөн. Көп кырдуу ишмердигиңиздер мамлекеттик органдардын ишинде укуктук ченемдерди иштетүүнүн туруктуу механизмин түзүүгө жана камсыз кылууга багытталган.

Жарандардын укуктарын коргоонун кепилдиктерин күчөтүүгө, калктын укуктук аң-сезимин жогорулатууга кошкон салымыңар баа жеткис. Ак ниет эмгегиңер, топтогон тажрыйбаңар, максатка умтулгандыгыңар жана күч-кубатыңар — укук үстөмдүгүн камсыз кылуунун ишенимдүү булагы.

Мыйзамдарды так аткаруу, адам укуктары менен эркиндиктерин жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо, негизинен, дал ушул юристтердин кынтыксыз ишинен көз каранды. Укуктук мамлекетти өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун алдыңкы сабында болуу, жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууга иштиктүү көңүл буруу бардык юридикалык коомчулуктун артыкчылыктуу милдеттеринен болуп саналат.

Жогорку кесипкөйлүгүңөр, жигердүү жарандык позицияңар, калк алдында күткөн аброюңар мамлекетте, коомдо туруктуулукту жана укуктук тартипти бекемдөөнүн кепилдиги болот деп ишенем.

Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук жана бакубатчылык, ишиниздерде албан-албан ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди каалайм!» — деп айтылат куттуктоодо.

Айта кетсек, Кыргызстандагы юристтер ассоциациясы тарабынан юристтер күнүн белгилөө сунушу берилип, анын негизинде Кыргыз Өкмөтү 1993-жылы 24-июнда «26-июнду Кыргыз Республикасындагы юристтер күнү деп белгилөө жөнүндө» №272 токтомун кабыл алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM