Биз менен байланышыңыз

U-23: Кыргызстандын балбан кыздары Азия чемпионатында 2-орунду ээледи

Кыска кабар , Спорт | 26 Июн 2022 | 2167 | 0

Бишкек шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында Кыргызстандын балбан кыздары экинчи орун алды.

Биринчи орунду Индиянын балбан кыздары 4 алтын, 5 күмүш, 1 коло медаль менен ээлешти. Экинчи орунду Кыргызстандын балбан кыздары 2 алтын, 3 күмүш, 3 коло медаль менен алышты. Үчүнчү орун 1 алтын, 2 күмүш, 3 коло медаль алган Казакстандын балбан кыздарына ыйгарылды.

Кыргызстандан 10 балбан кыз катышып, анын сегизи медаль алган.

Алтын медаль 

Мээрим Жуманазарова (68 кг)

Айпери Медет кызы (76 кг)

Күмүш медаль

Дилназ Сазанова (60 кг)

Бермет Нуридин кызы (62 кг)

Нурзат Нуртаева (72 кг)

Коло медаль

Арууке Кадырбек кызы (55 кг)

Калмира Билимбекова (57 кг)

Сезим Жуманазарова (59 кг)

Айта кетсек, 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы 3 алтын, 6 күмүш медаль менен биринчи орунду ээлеген болчу.

Чемпионат борбордогу «Бишкек Арена» муз аянтында өтүп жатат. 19-июнда башталган беттештер бүгүн, 26-июнда жыйынтыкталат. Учурда эркин күрөш боюнча балбандар күч сынашууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM