Биз менен байланышыңыз

«Ураган» комплекси жол кырсыктарын азайтууга салым кошот

Кыска кабар | 26 Июн 2022 | 281 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигинин алдындагы Ыкчам башкаруу борборуна барды.

Анда төрага «Ураган» фото/видео жазуу аппараттык-программалык комплексинин иштөө тартиби менен таанышты.

Айта кетсек, бул комплекстер унаанын белгилерин автоматтык түрдө таануу жана эреже бузууларды фиксациялоо аркылуу жол кыймылынын эрежелерин бузууга бөгөт коюунун, жолдордогу кырсыктардын санын азайтуунун натыйжалуу каражаттарынын бири болуп саналат.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болгон камералардын санын көбөйтүү боюнча мурда берилген тапшырма аткарылганын айтып берди.

«Камералардын саны эки эсеге көбөйдү. Эми бардык райондук ички иштер бөлүмдөрү күнү-түнү 24/7 режиминде иштеген көзөмөл камералары менен жабдылып, камералардын санын дагы көбөйтүү пландалууда», — деген ал.

Ошондой эле Акылбек Жапаровго өлкө аймагында милициянын участкалык кызматкерлери жабдылган кызматтык планшеттер жана жеке камералар кызматтык максатта кандай колдонулуп жатканы тууралуу маалымат берилди.

Акылбек Жапаров Ички иштер министрлиги тарабынан Бишкекти жана аймактарды видеокөзөмөл камералары менен жабдуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттерге оң баасын берип, аткез жана эсепке алынбаган товарларды алып кирүүгө, ташып чыгууга жол бербөө максатында иштелип чыккан программалык камсыздоо интерфейсин жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM