Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: 26-30 июнь күндөрү 40 градус ысык болот

Кыска кабар | 25 Июн 2022 | 230 | 0

Кыргызстандын аймагында 26-30-июндарда аба ырайы кескин жогорулайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +36…38°ка чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +38…40°ка чейин жогорулашы мүмкүн.

ӨКМ жарандарды этият болууга чакырат.

«Урматтуу жарандар, абанын температурасы абдан ысыган учурда көлөкөдө болуңуздар. Өзгөчө улуу муундагылар, жаш балдар жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар салкын жайда болуусу зарыл!», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM