Биз менен байланышыңыз

Бишкекте алгачкы кыргыз тилдүү IT конференция өтүүдө

Кыска кабар | 25 Июн 2022 | 226 | 0

Бишкекте бүгүн, 25-июнда алгачкы кыргыз тилдүү IT конференция өтүүдө.

Иш-чара DevKurultay коомдоштугу тарабынан уюштурулууда.

Конференциянын алкагында программалоого жаӊы киришип жаткандар үчүн актуалдуу болгон инструменттер жана технологиялар, жумуш табуу, үйрөнүүгө эӊ идеалдуу программалоо тили, стажировкага керектелген минималдуу билим базасы, биринчи интервьюлар жана техникалык тапшырма, ошондой эле башка кызыктуу темалар жөнүндө кеңири маалымат берилет.

Мындан тышкары, IT-тармагында тажрыйбасы мол кесипкөй адистер презентацияларын сунуштамакчы.

Иш-чара саат 10.30дан — 16.00гө чейин Манас 41/1 көчөсүндө жайгашкан Compass college имаратынын ичинде өтөт. Бардык калоочулар акысыз кирип кошула алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM