Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Өзбекстандан 50 жаңы автобус сатып алат

Кыска кабар | 25 Июн 2022 | 361 | 0

Ош шаарынын мэриясы Өзбекстандан кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун акчасына 50 жаңы Isuzu SAZ HC40 автобус сатып ала турганын жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жарыялашты.

Өндүрүүчүнүн сайтында бир автобустун баасы 452 миллион сум (42 миң доллар) деп белгиленген.

Мындай автобустар Бишкекте 2021-жылдын күзүнөн баштап иштеп келе жатат. Анда 210 автобус сатып алынган.

Ош шаарынын мэри Алмазбек Мамбетов фонддун 16 орундуу автобустарды сатып алууга берген насыясы жактырылганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM