Биз менен байланышыңыз

«Евровидение-2023» сынагы Украинада өтпөй турган болду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2022 | 215 | 0

Евровидение-2023 Украинада өткөрүлбөйт. Бул тууралуу маалыматты Европа телерадио биримдиги (EBU) жарыялады.

Украина быйыл сынакта жеңишке жетишкен жана эрежелер боюнча кийинки жылы иш-чаранын конокторун кабыл алышы керек болчу.

«EBU иш-чараны башка өлкөдө өткөрүү чечимин кабыл алды жана кийинки жылы Евровидение ыр сынагын өткөрүү үчүн ылайыктуу жерди табуу маселесин талкуулоону улантат», — деп айтылат билдирүүдө.

EBU бул чечимди уюштуруучулардын иш-чаранын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу милдети деп түшүндүрдү. Болжол менен 40 миң адам жөнүндө сөз болуп жатат.

EBU ири иш-чараны пландаштырууда эки өлкөнүн ортосундагы болуп жаткан согуш бир катар коркунучтарды жана тобокелдиктерди алып келиши мүмкүндүгүн эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM