Биз менен байланышыңыз

Министрдин орун басары ЕЭКтин жыйынына даярданбай барганы үчүн сөгүш алды

Кыска кабар | 25 Июн 2022 | 478 | 0

Министрлер кабинетини төрагасы Акылбек Жапаров айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеровго сөгүш жарыялады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Чечим айыл чарба министринин биринчи орун басарынын ушул жылы 20-21-июнунда Минск шаарында (Беларусь) өткөн Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына даярданбай барганына байланыштуу кабыл алынды.

«Иш сапары менен чет өлкөгө барган ар бир мамлекеттик органдын кызматкери 100%га даяр болуп барыш керек. Мамлекеттик негизги органдардын биринде жогорку кызматта туруп, даярданбай баруу кечирилгис. Кийинки жолу мен мындай жетекчилерди ошол жерден кызматтан алуу көрсөтмөсүн берем», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM