Биз менен байланышыңыз

U-23: Кыргызстандын грек-рим күрөшү командасы биринчи орунду ээледи

Кыска кабар , Спорт | 24 Июн 2022 | 1343 | 0

Бишкек шаарында 23 жашка чейинкилер арасында өтүп жаткан Азия биринчилигинде Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча командасы бул жолу да биринчи орунду ээледи.

Эки күндүк беттештердин алкагында Кыргызстандын балбандары жалпысынан үч алтын, алты күмүш медаль алышты.

Алтын медаль:

Адилхан Нурланбеков (72 кг)

Акылбек Талантбеков (77 кг)

Бексултан Назарбаев (82 кг)

Күмүш медаль: 

Эрмек Каныбек уулу (63 кг)

Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг)

Аманат Самат уулу (67 кг)

Азат Салидинов (87 кг)

Данияр Шеримбеков (97)

Эрлан Манатбеков (130 кг)

Ал эми экинчи орунду Индия, үчүнчү орунду Казакстан курама командалары ээледи.

Айта кетсек, Кыргызстандын грек-рим күрөшү командасы 17 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия биринчилигинде да 4 алтын, 1 күмүш, 2 коло медаль менен биринчи орунду алган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM