Биз менен байланышыңыз

Жарандардын укугун коргоо, сот адилеттигин камсыздоо боюнча форум өттү

Коом , Саясат | 24 Июн 2022 | 1812 | 0

Адистер Кыргызстанда мыйзамдар так жазылганы менен алардын аткарылышы өтө чабал экенин, өлкөдө мыйзамдуулук сакталбасын, элдин укугу корголбой, көп учурда бийлик башындагылар да мыйзам бузууга барарын айтып келишет. Бул кырдаалды эске алуу менен бүгүн, 24-июнда Бишкекте «Кыргыз Республикасында адамдарга багытталган сот адилеттигин илгерилетүү» деген темада улуттук юридикалык форум өттү. Ага тиешелүү органдардын өкүлдөрү, жарандык коомдун мүчөлөрү жана юристтер катышты.

Иш-чарада сот адилеттиги, жарандардын укугун коргоо жаатында натыйжалуу иш алып баруу маселелери айтылып, аны чечүү жолдору талкууланды.

«Кыргызстандын юристтери» ассоциациясы жана башка коомдук уюмдар тарабынан уюштурулган «Жарандарга багытталган сот адилеттигин илгерилетүү» аттуу улуттук юридикалык форумдун алкагында:

* сот тутуму менен жарандардын ортосундагы мамилени бекемдөөнүн көйгөйлөрү жана жолдору;

* сот органдары менен коомдун ортосундагы түшүнүшүүнү жакшыртуу;

* жарандардын өз укуктары жөнүндө маалыматын жогорулатуу, сот иштери жана чечимдери жөнүндө ачык маалымат порталын ишке киргизүү;

* сот ишинин ачыктыгын жогорулатууга көмөктөшүү;

* укуктук технологияларды киргизүү;

* укуктук технологиялардын үстөмдүгү жана сот адилеттигине жетүүдөгү ролу;

* жарандардын акысыз юридикалык жардамды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Уюштуруучулардын бири, «Укук булагы» долбоорунун өкүлү Назира Райымжанова форумдун негизги максатын айтып берди.

«Элдин юридикалык муктаждыктарын укуктук көйгөйлөрүн аныктоо боюнча тиешелүү органдардын жана жамааттардын катышуусунда бүгүнкү аянтчага чогулдук. Буга чейинки долбоорлордо ошол эле институттардын потенциалын жогорулатуу максаты коюлган. Долбоордо аймактарда, элет жергесинде жашаган калктын муктаждыктарын аныктамайынча алар менен иштешүү жолун табуу кыйын болгондуктан, биз кызматташтыкты жүргүзүү менен чечим чыгаруу өкүлдөрүнүн көңүлүн элдин көйгөйүнө буралы, көз карашын туура багытка өзгөртөлү деп жатабыз».

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун пикиринде сотко, мыйзамдарга карата жарандардын ишенбестиги дагы деле бар.

Ошондой эле жарандардын маалыматы жоктугунан ар кандай көйгөйлөргө дуушар болорун маалымдады.

«Ишеним кат – аныктоочу документ эмес. Ал жөн эле бир жактын экинчи тарапка убактылуу ыйгарым укуктарын берүү болуп саналат. Бул боюнча канчалаган жараныбыз алданып, сатып алган жерлеринен кур калышты. Бир нече аракеттерден улам ишеним кат менен иштегендер токтоду. Бирок кылмыштуулук деген ордунда турбайт экен, ишеним келишим дегенге өтүшүптүр. Аны сатып алууда кээ бир жарандарга «биз салык төлөбөйбүз» деп, арзан кылып сатышат. Ал эми ишеним келишимди бир тараптуу тартипте жокко чыгаруу мүмкүн. Ошондуктан көп жараныбыз алданып калууда».

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев укук коргоо кызматкерлери мыйзамдарды ишке ашырууга толук кандуу аракеттерин көрбөйт деп эсептейт. Анан калса жарандардын укуктук аң-сезими төмөн болгондуктан көп учурда укуктарын коргой албай жатканын кошумчалады.

Ал адилеттүүлүк жарандарга иштеши үчүн кандай аракеттерди көрүү керектигин айтып берди.

«Эң биринчи иретте жалпы элдин аң-сезимин жогорулатуу шарт. Себеби укук коргоо органдарында, сот системасында иштегендер да кыргыз жарандары, башка өлкөлөрдөн келген жок. Мамлекетке «таза, иштейм, колумду коррупцияга малбайм, эл үчүн кызмат кылам» деген кадрлар келгенде азыркы система оңолушу мүмкүн. Көп учурда баарын кадрлар чечет. Андан кийин мыйзам жаатында башка өлкөлөрдүн практикасын карап чыгып, керектүүлөрүн жакшыртуу зарыл болуп турат».

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева өлкөдөгү сот адилеттиги бардык жаран үчүн бирдей принципте жана форматта иштебей турганын сынга алды. Ал адилеттүүлүктү камсыздоочу жараян толук кандуу жүрбөй жатканына токтолду.

«Бизде «элита» тобу бар. Анда өзгөчө тергөө жана сот системасы каралат. Көптөгөн практиканын негизинде, бүгүнкү күндө тергөө маселеси жалпы жонунан жакшы өтпөй жатканы ачык-айкын көрүнүп турат. Сот адилеттиги бир гана соттун иши эмес, ал жерде тергөөчү, көзөмөлдөөчү орган жана башкалар да бар. Бул — негизинен соттун толугу менен болгон чынжырчасы. Эгер ошол чынжырча туура эмес аткарылса, анда сот адилеттиги болушу мүмкүн эмес. Бизде адилеттикти камсыздоочу жараян жакшы жүрбөй жатат, ошонун үстүнөн ойлонуп коюу керек».

Иш-чаранын натыйжасында адамдарга багытталган сот адилеттиги боюнча резолюция даярдалып, кабыл алынды. Анда сотторго, адвокаттарга жана жарандык коомчулукка укуктук кызматтарды жеңилдетүү жолу менен жеткирүүгө, калктын укуктук муктаждыктарын канааттандырууга көмөк көрсөтүлөт.

Ошондой эле калктын акысыз юридикалык кызмат алуусу үчүн активдүү иш алып барылмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM