Адистер Кыргызстанда мыйзамдар так жазылганы менен алардын аткарылышы өтө чабал экенин, өлкөдө мыйзамдуулук сакталбасын, элдин укугу корголбой, көп учурда бийлик башындагылар да мыйзам бузууга барарын айтып келишет. Бул кырдаалды эске алуу менен бүгүн, 24-июнда Бишкекте «Кыргыз Республикасында адамдарга багытталган сот адилеттигин илгерилетүү» деген темада улуттук юридикалык форум өттү. Ага тиешелүү органдардын өкүлдөрү, жарандык коомдун мүчөлөрү жана юристтер катышты.
Иш-чарада сот адилеттиги, жарандардын укугун коргоо жаатында натыйжалуу иш алып баруу маселелери айтылып, аны чечүү жолдору талкууланды.
«Кыргызстандын юристтери» ассоциациясы жана башка коомдук уюмдар тарабынан уюштурулган
* сот тутуму менен жарандардын ортосундагы мамилени бекемдөөнүн көйгөйлөрү жана жолдору;
* сот органдары менен коомдун ортосундагы түшүнүшүүнү жакшыртуу;
* жарандардын өз укуктары жөнүндө маалыматын жогорулатуу, сот иштери жана чечимдери жөнүндө ачык маалымат порталын ишке киргизүү;
* сот ишинин ачыктыгын жогорулатууга көмөктөшүү;
* укуктук технологияларды киргизүү;
* укуктук технологиялардын үстөмдүгү жана сот адилеттигине жетүүдөгү ролу;
* жарандардын акысыз юридикалык жардамды кеңейтүү маселелери талкууланды.
Уюштуруучулардын бири, «Укук булагы» долбоорунун өкүлү Назира Райымжанова форумдун негизги максатын айтып берди.
«Элдин юридикалык муктаждыктарын укуктук көйгөйлөрүн аныктоо боюнча тиешелүү органдардын жана жамааттардын катышуусунда бүгүнкү аянтчага чогулдук. Буга чейинки долбоорлордо ошол эле институттардын потенциалын жогорулатуу максаты коюлган. Долбоордо аймактарда, элет жергесинде жашаган калктын муктаждыктарын аныктамайынча алар менен иштешүү жолун табуу кыйын болгондуктан, биз кызматташтыкты жүргүзүү менен чечим чыгаруу өкүлдөрүнүн көңүлүн элдин көйгөйүнө буралы, көз карашын туура багытка өзгөртөлү деп жатабыз».
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун пикиринде сотко, мыйзамдарга карата жарандардын ишенбестиги дагы деле бар.
Ошондой эле жарандардын маалыматы жоктугунан ар кандай көйгөйлөргө дуушар болорун маалымдады.
Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев укук коргоо кызматкерлери мыйзамдарды ишке ашырууга толук кандуу аракеттерин көрбөйт деп эсептейт. Анан калса жарандардын укуктук аң-сезими төмөн болгондуктан көп учурда укуктарын коргой албай жатканын кошумчалады.
Ал адилеттүүлүк жарандарга иштеши үчүн кандай аракеттерди көрүү керектигин айтып берди.
Юрист Таттуубүбү Эргешбаева өлкөдөгү сот адилеттиги бардык жаран үчүн бирдей принципте жана форматта иштебей турганын сынга алды. Ал адилеттүүлүктү камсыздоочу жараян толук кандуу жүрбөй жатканына токтолду.
Иш-чаранын натыйжасында адамдарга багытталган сот адилеттиги боюнча резолюция даярдалып, кабыл алынды. Анда сотторго, адвокаттарга жана жарандык коомчулукка укуктук кызматтарды жеңилдетүү жолу менен жеткирүүгө, калктын укуктук муктаждыктарын канааттандырууга көмөк көрсөтүлөт.
Ошондой эле калктын акысыз юридикалык кызмат алуусу үчүн активдүү иш алып барылмакчы.