Биз менен байланышыңыз

Жапаров спортчу Элина Бакытованын Азия чемпионатына катышуусуна каражат бөлдү

Кыска кабар , Спорт | 24 Июн 2022 | 286 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эркин күрөш боюнча спортчу Элина Бакытованын Бахрейнде өтүүчү Азия чемпионатына катышуусуна каражат бөлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Элина Бакытовага ушул жылдын июль айында Бахрейнде өтө турган Азия чемпионатына катышуу үчүн Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом жана өзүнүн айлык акысынан 50 миң сом бөлүп берген.

Акылбек Жапаров спортчуга ийгиликтерди жана чың ден соолук каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM