Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктар акысыз юридикалык жардамды колдонбой жатышат

Коом | 22 Июн 2022 | 726 | 0

Кыргызстанда жарандар акысыз юридикалык жардам алуу укугуна ээ. Бирок көпчүлүк бул мүмкүнчүлүктү пайдаланышпайт. Элге маалымат жеткирүү максатында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү борбору аймактардагы өкүлдөрү менен чогуу иш алып барууда. Борбор калктын юридикалык сабатын жогорулатуу үчүн атайын өнөктүктөрдү өткөрүүдө. Адистер өнөктүк аркылуу бекер юридикалык жардам алса болорун элге түшүндүрүп жатышат. Эл өз укугун билүүдө жылыштар барбы?

Бишкек шаарынын тургуну Айжан Шааботоева унааларды ижарага берүү менен алектенет. Ал жакында эле өзүнүн жеке унаасын таанышына ижарага берген. Автоунаасы жол кырсыгына учурап, бардык жери талкаланган. Ижарага алган адам менен юридикалык келишим түзүлбөгөндүктөн, ал унаанын акысын төлөп берүүдөн баш тарткан. Жабырлануучу тарап бул маселени акысыз чечип берүү үчүн юридикалык жардам берүү борборуна кайрылган.

«Өзүмдүн жеке унаамды берүүгө туура келди. Мен тааныган эле адам болчу. Андай болуп кетет дебей эле, унаамды берип койгом. Машинаны талкалап салыптыр. Эки эле саатка дегенинен ишенип берип койгом. Башында төлөп берем деп, төлөбөй койду. Өзүм кайрылып көрдүм бир топ жолу. Жарандык тартип боюнча кайрылгыла дешти. Анан тааныштарым мага юридикалык борбордон акысыз жардам алууга мүмкүн экенин айтышты. Себеби азыр иштебейм, балдарым менен үйдө отурам. Борбордон атайын адвокат беришти. Жыйынтыгы оң жагына чечилди. Төлөп бере турган болду».

Кыргызстанда адам укугу тебеленген учурлар көп кездешет. Борборго көбүнчө өзүнүн укугун так билбей, ишеним кат же ушул сыяктуу юридикалык документи жок эле ич ара сүйлөшүп алып, анын кесепетинен ар кандай көйгөйгө тушуккандар келет.

Борбордун жетекчиси Акжол Калбеков калктын укуктук аң-сезимин жогорулатууда баштапкы кадамдар керек деп эсептейт. Ал үчүн кесипкөй адистердин болушу да зарыл. Ошондуктан Юридикалык жардам берүү борбору эки түрлүү көмөк көрсөтүп жатат.

«Мыйзам алкагында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам эки түрдө берилет. Биринчи түрү, консультациялык-укуктук жардам. Тагыраагы, юридикалык кеңеш берүү. Бул жардам 36 акысыз юридикалык жардам берүү борборунда бар. Жардамдын экинчи түрү квалификациялык юридикалык жардам деп аталат. Башкача айтканда, адвокаттын жардамы. Сотто, тергөөдө керектелет. Бул жардамды жарандардын баары алалбайт. Мыйзамда каралган критерийлерге дал келген гана жарандар алууга укугу бар».

Шаар жеринен тышкары элетте өз укугун билбегендер же талап кылбагандар жок эмес. Аны эске алганда борбор тарабынан көп жылдан бери «Аймакта жашаган жарандарга акысыз юридикалык жардам берүү» аталышындагы бир күндүк акция өткөрүлүп келет. Ал аймактардагы жергиликтүү калктын укуктук сабатын арттыруу жана аларга консультациялык-укуктук жардам берүү үчүн уюштурулат.

Мекеменин өкүлү Айчүрөк Камаева 23-июнда да аймактарда өтө турган акция тууралуу маалымат берди.

«23-июнда өтө турчу акция саат 10дон баштап 16:00гө чейин өткөрүлөт. Бир күн болот. Акциянын максаты алыскы аймактарда жашаган калкка акысыз юридикалык жардам берүү, юридикалык суроолоруна жооп берүү, ошондой эле укуктук сабатын жогорулатуу. Бул акцияга биздин борбордун координаторлору, адвокаттар, тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана биз атайын чакырган юристтер да катышат. Эртең көрсөтүлгөн убакта аймактардагы биздин борбордун өкүлчүлүктөрү иштей баштайт. Баарыңыздар кайрылсаңыздар болот».

Азыркы учурда өлкө боюнча 40ка жакын акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору кызмат кылат.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү борбору Кыргызстандын бардык облусунда иш алып барат. Ага жарандардын баары кайрыла алышат.

Борборлор Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын жана Финляндиянын ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун, «Сорос-Кыргызстан» фондунун жана USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосу менен түзүлгөн.

Адистер акысыз юридикалык кеңеш алуу баарына жеткиликтүү экенин, бирок көптүн бул жөнүндө маалыматы болбой каларын айтышат.

Буга байланыштуу быйыл Юстиция министрлиги укуктук кеңеш берген борборлорго кесипкөй адистерди жиберүүгө аракет кылууда.

Жарандар мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардамды, жактоочулардын кызматын алууга укуктуу.

Copyright © 2017 Maral FM