Биз менен байланышыңыз

Жапаров Дүйнөлүк күрөш уюмунун президентине «Ардак грамота» тапшырды

Кыска кабар | 21 Июн 2022 | 208 | 0

Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда Дүйнөлүк күрөш уюмунун президенти Ненад Лалович жана Азия күрөш уюмунун президенти Даулет Турлыханов менен кездешти.

Жолгушуу Бишкекте өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын алкагында болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн эки жаш курак тобунда Азия чемпионатын өткөрүү чоң сыймык экенин белгиледи.

Өз кезегинде Дүйнөлүк күрөш уюмунун президенти Ненад Лалович менен Азия күрөш уюмунун президенти Даулет Турлыханов Садыр Жапаровго жылуу кабыл алганы жана Азия чемпионатын өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Ненад Лаловичке Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, Даулет Турлыхановго «Даңк» медалын тапшырды.

Ал эми Ненад Лалович Кыргызстандын Президентине Дүйнөлүк күрөш уюмунун жогорку сыйлыгын берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM