Биз менен байланышыңыз

22-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 21 Июн 2022 | 418 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 22-июнда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM