Биз менен байланышыңыз

Миграция: «Жүк-200», «кара тизме» жана кылмыштын саны

Коом , Саясат | 21 Июн 2022 | 696 | 0

Министрлер кабинети чет өлкөдөгү мигранттардын укугун коргоо жаатында жасап жаткан иштери боюнча Жогорку Кеңешттин тармактык комитетинде маалымат берди. Төраганын орун басары Эдил Байсалов билдиргендей, учурда миграцияда 1 млн 118 миң Кыргызстандын жараны бар. Алардын 1 млн 63 миңи Орусиянын аймагында эмгектенет. Андан кийинки орунда Казакстан менен Түркиядагы кыргызстандыктар турат. Учурда миграциянын багытын өзгөртүү максатында Улуу Британия менен Кореяга да жиберүүгө аракет көрүлүп жатат. Бүгүнкү эмгек мигранттарынын абалына алдыда кененирээк токтолобуз.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы, эмгек мигранттарынын укуктары туурасында тийиштүү мекемелердин маалыматын укту. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баяндама жасап, учурда миграцияда 1 млн 118 миң Кыргызстандын жараны бар экенин белгилеп, буларга токтолду:

«Анын 1 млн 63 миңи Орусиянын аймагында эмгектенишүүдө. Андан тышкары Кореяда 6 миң, Түркияда 30 миң, Казакстанда 30 миң,  АКШда 20 миң, Канадада 6 миң, Араб Эмираттарында 3 миң, Германияда 9 миң, Италияда 6 миң жана Европанын башка өлкөлөрүндө 10 миңдин тегерегинде Кыргызстандын жараны иштейт. Ошондой эле чет өлкөдө каза болгон жарандарды Кыргызстанга бекер алып келүү боюнча да токтом кабыл алынган. Төлөмдөрдү каржылоо үчүн жылына 15 млн сомдон 30 млн сомго чейин көбөйтүлдү. Бул кызмат Тышкы иштер министрлиги тарабынан аткарылууда». 

2021-жылдын башында Садыр Жапаров Орусияга болгон сапарынын алкагында мигранттар менен жолугушуп, «Жүк-200дү» Мекенине алып келүү чыгымын мамлекеттин камсыздоосуна өткөрүүгө, 4-5 жылда мигранттарды Кыргызстанга кайтарып келүүгө убада берген. Чет жерде каза тапкан мекендештердин жасатын Кыргызстанга бекер алып келүү үчүн кабыл алынган токтомдун аткарылышы боюнча Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров буларды билдирди:

«2021-жылы 540 жарандын сөөгү Кыргызстанга алып келинген. Аларды алып келүүгө 45 млн 270 миң сом сарпталган. Быйыл январь айынан май айына чейин дагы 258 жарандын сөөгү алып келинди, аларды алып келүүгө 25 млн сом сарпталды. Бул иш мындан ары улантылат, себеби аларды алып келүү боюнча тиешелүү чечим бар».

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы баңгизат менен кармалган кыргызстандыктар көбөйүп жатканын билдирген. Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстандын 224 жаранына баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан 327 кылмыш иши козголсо, 2020-жылы 151 жаранга 191 иш козголгон.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бүгүнкү күндө 1834 кыргызстандык Орусиянын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жатканын айтты.

«Алар бардык берене менен кармалышкан. Бул жерде адам өлтүрүүдөн баштап, баңгизат ташыганга чейин бар. Эң көп уурдоолор боюнча кылмыш иши козголуп, жазасын өтөп жатышат. Алар боюнча биздин өкүлдөр такай жолугушууларды өткөрүп, адвокат жалдоо боюнча жана юридикалык жардам берүү боюнча жумуштарды ишке ашырууда. Биздин өкүлдөр 2021-жылы 5005 консультациялык жардам берген. Буларга 4587 ар түрдүү даттануу келип түшкөн: 35%ы эмгек акыны төлөбөй коюу, уурулук, тоноо, опузалоо боюнча даттанышкан; 25%ы миграция мыйзамдары боюнча кайрылышкан; 10%ы Орусиянын аймагында дайынсыз жоголуу боюнча кайрылышкан; 7%ы жарандыгын аныктоочу документтердин жоктугу боюнча кайрылышкан». 

Миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн былтыркы берген маалыматына ылайык, 115 миң кыргыз жараны Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрөт. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мигранттар «кара тизмеси» боюнча мындай маалымат берди:

«2018-жылы 1857 адам Кыргызстанга депортация болуп келген. 2019-жылы 1165 жаран депорт болсо, 220-жылы 361 жаран, 2021-жылы 1082 жаран Орусиядан «кара тизмеге» түшүп, Кыргызстанга кайтып келген. Азайып келе жатканын байкасак болот, бирок акыркы төрт айдын ичинде 680 жаран кайтып келген».

Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын прокурору Назарбек Кенжеевдин айтымында, 2021-жылы чет өлкөлөрдө эркиндигинен ажыратылган 66 жаран Кыргызстанга экстрадицияланган. Алардын ичинен 54ү Орусиядан, 12си Казакстандан которулган.

Copyright © 2017 Maral FM