Айнура Арстанбекова Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Буга чейин бул бөлүмдү Назгүл Лосникова жетектеп келген.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын мэринин дагы бир буйругу менен Таалайгүл Темирканова Бишкек шаарынын Ленин райондук билим берүү борборунун жетекчиси болду.
Бурул
21.06.2022 12:07
Жакшы болуптур ЛОСНИКОВА кетткени мектепте КОРРУПЦИИЯ КУЧОДУ КЕТТСИН башкасы таза иштесин алмашканы жакшы болду