Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионатында Жаркынай Нурлан кызы коло медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 20 Июн 2022 | 216 | 0

Бишкекте өтүп жаткан 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын экинчи күнүндө кыз-келиндер күрөшүнөн Жаркынай Нурлан кызы коло медаль алды.

61 кг салмакта килемге чыккан кыргызстандык балбан кыз үчүн орун үчүн беттеште жапон кыз Нана Морохошини 12:2 эсебинде утуп, коло медаль тагынды.

Айта кетсек, 17 жашка чейинки кыздар беш салмак категорияда күрөшүп, анда Кыргызстандын төрт балбаны коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.

Кыздар арасындагы күрөштүн бүгүнкү беттешинде төрт салмакта (40 кг, 46 кг, 53 кг, 61 кг) алтынды Индиянын кыздары алса, бир (69 кг) салмакта Монголиянын кызы Азиянын чемпиону болду.

Жалпы медалдар топтому боюнча айтсак, Индия 4 алтын, 1 коло, Монголия 1 алтын, 2 күмүш, Япония 2 күмүш, 2 коло, Өзбекстан 1 күмүш, 1 коло, Кыргызстан 1 коло медалга ээ болду.

Эртең эркин күрөш боюнча 17 жашка чейинки өспүрүмдөр килемге чыгат. Беттештерди Дүйнөлүк күрөш уюму расмий сайтында, андан тышкары УТРКнын «Спорт» каналы түз алып көрсөтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM