Биз менен байланышыңыз

Бишкектин мурдагы вице-мэри дагы эки ай УКМКнын тергөө абагында болот

Кыска кабар | 20 Июн 2022 | 168 | 0

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаков дагы эки ай, 18-августка чейин УКМКнын тергөө абагында кала турган болду. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Азат Узаков социалдык имараттарды куруудагы коррупцияга шектелип, ушул жылдын 19-февралында камакка алынган.

Тактап айтканда, УКМК Азат Узаков Өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүн жетектеп турганда, Чүй капиталдык курулуш башкармалыгы жана Кош-Коргон айылындагы Туйту Каракеев орто мектебин салган Г.П.С. компаниясы менен тымызын сүйлөшүп, бөлүнгөн акчаны өөнөп алып турганын маалымдаган.

Бул иштин алкагында Азат Узаковдон тышкары курулуш компаниянын директору, Мамлекеттик курулуш агенттигинин турак жай жана жарандык курулуш башкармалыгынын башчысы кошо камакка алынган.

УКМК: Бишкектин вице-мэри коррупцияга шектелип камалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM