Ош – Эркечтам унаа жолунда кырсыктан 2 адам каза болуп, төртөө жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
19-июнда болжол менен саат 08:00дө Ош – Эркечтам унаа жолунда 1988-жылы туулган Б.Айткулов «форд-фокус» унаасы менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып 1973-жылы туулган А.Рахмановдун башкаруусундагы «Хюндай-портер» унаа менен кагышкан.
Кырсыктан улам «Форддо» бара жаткан 1993-жылы туулган Бекмурза уулу Ж. окуя болгон жерде, ал эми 1978-жылы туулган А.Кубатбеков ооруканада каза болгон.
Мындан тышкары, эки унаадан 4 киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.