Биз менен байланышыңыз

Чүйдөгү банктан жасалма паспорт менен акча алгандар кармалды

Кыска кабар | 20 Июн 2022 | 232 | 0

Чүйдөгү банктардын биринен жасалма паспорт менен ири суммада акча алып кеткендер эки жылдан кийин кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

2020-жылдын 2-ноябрында Ысык-Ата райондук милициясына Эсептешүү-сактык компаниясынын өкүлү Э.И. кайрылган. Анын айтымында, ошол жылдын 10-февралында бейтааныш киши А.К. аттуу адамдын паспорту менен келип, өзүн кардар катары тааныштырып, депозиттик эсептен 350 миң сом, эртеси 3 млн 845 миң сом алып кеткен.

Аталган факты боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүүлөр: Бишкектин 1996-жылы туулган тургундары А.А., О.З., 1997-жылы тургуну Э.А. ушул жылдын 18-июнунда кармалышты.

Учурда шектүүлөр суракка алынып, башка да иштерге тиешеси бар же жогу иликтенип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM