Биз менен байланышыңыз

УКМКнын абагындагы эки өлүм боюнча комиссия акыйкат чечим чыгарабы?

Саясат | 20 Июн 2022 | 562 | 0

Президент Садыр Жапаров саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүн, ошондой эле «Айыл банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын тергөө абагында каза табуусун иликтөө үчүн комиссия түзүүнү тапшырды. УКМКнын абагында бир жумада эки өлүмдүн катталышы коомчулукта ар түрдүү суроолорду жаратууда. Саясат талдоочу Марат Казакпаев УКМКнын тергөө абагынан эс-учун жоготуп, 10-июнь күнү ооруканада көз жумса, банкир Бакыт Асанбаевдин өзүнө кол салганы айтылды. Бул окуя эмнеден кабар берет, темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда ооруканада каза тапты. Ал андан бир күн мурда УКМКнын тергөө абагынан эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилген. Адвокатынын айтымында, инсульт алып, мээсине кан куюлуп кеткен.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратып, 19-майдан 9-июнга чейин саясий серепчинин адвокаттары аны медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылбаганын белгилеген.

Ал эми 18-июнда УКМКнын тергөө абагынан «Айыл Банк» ААКнын насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаев көз жумду. УКМК тараткан маалыматка таянып айтсак, ал түнкү саат 00:55 чамасында асынып алган.

Башкы прокуратура Казакпаевдин жана Асанбаевдин өлүмү боюнча текшерүү ишин баштаган. Иштин жүрүшү боюнча Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Сирожиддин Камолидинов буларды билдирди:

«Катталган күндөн баштап текшерүү жүргүзүлүүдө. Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин талабына ылайык, текшерүү 10 күнгө чейин жүрөт. Эгерде экспертизалардын жыйынтыктары, кортундусу жана кызматтык иликтөөнүн корутундулары 10 күндө даяр болсо, анда чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Эгерде ал экспертизалар даяр болбосо, Кылмыш-жаза просессуалдык кодексинин талабына ылайык, дагы 20 күнгө текшерүү улантылып, анан мыйзам чегинде чечим кабыл алынууга тийиш. Маалым болгондой, эки иш боюнча тең соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалган. Себеби алардын корутундусу чечим кабыл алууда чоң таасирин көрсөтөт». 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, 18-июнда түнкү саат бирге жакын Бакыт Асанбаевдин сөөгү УКМКнын убактылуу тергөө абагында асынып турган жеринен табылган.  Маалыматка ылайык, Бакыт Асанбаевдин жанында дагы 3 айыпкер болгон, алар эки кишилик эки камерага бөлүнүп жайгаштырылышкан. Ошол эле учурда жунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон. Асанбаев өз жанын кыюу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан, алар да кол салуу аракеттерин өз убагында алдын ала алышкан эмес.

Ал  ушул жылдын 30-апрелинде коррупция фактысы менен козголгон кылмыш иштин негизинде камакка алынган Кыйноолор менен күрөшүү улуттук борборунун жетекчиси Бакыт Рысбековдун айтымында, Бакыт Асанбаев кыйноолор боюнча арыз менен кайрылган эмес.

«Буга чейин ал кишиден арыз-даттануулар түшкөн эмес».

Мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Бакыт Асанбаев менен министрликте иштеп жүргөндө таанышканын, аны таза жана өз ишин мыкты билген профессионал катары билерин белгилеп, өзүнө кол салбасын, өлтүрүлгөн болушу мүмкүн экенин айтты.

«Бул иш боюнча сөзсүз түрдө көз карандысыз иликтөө жүргүзүү керек. Керек болсо депутаттык комиссия түзүп текшерүү керек. Анткени бул сыртта болгон окуя эмес, мамлекеттик абакта болуп жатат. Мындай окуялар башка кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Өзгөчө бул ишти баары карап чыгуусу керек. Ошондой эле жоопкер тараптарга кылмыш иши козголушу керек. Жөн гана жумушунан кетирүү жетиштүү эмес, кылмыш иши козголушу керек. УКМКнын жетекчисине да чаралар колдонулушу керек. Биринчи күнү иш кайра каралмак экен. Ал жактан баарын чыгарып берген экен. Мүмкүн ошол күнү жаңы бир фактылар жана жагдайлар чыкмак эле. Мүмкүн чоң бир кишилердин сырлары чыкмак. Ошондуктан бул жакта көп суроо жаралып жатат. Ким тарабынан уюшулган болушу мүмкүн? УКМКнын тиешелүү кызматкерлери бул окуянын орун алышына жол бергени үчүн да жооп бериши керек. Аны өзүн-өзү өлтүрдү дегенден алысмын. Анткени ал кишинин пландары аябай көп эле, өзү да ишке байланыштуу  таптаза болгонун айткан. «Өзүмдүн жана Кудайдын алдында тазамын, эч кандай коррупциялык иштерге байланышым жок, эмненин негизинде кармалганымды билбейм» деп айткан. Ошондуктан ал «туура эмес мамилелер болуп жатканынан жеке секторго эле кетсемби» деп ойлонуп жаткан».

Саясатчы Жеңиш Молдокматов УКМКнын тергөө абагында бир жумада эки жарандын өлүшүн Кыргызстан үчүн чоң трагедия жана коркунуч катары баалады.

Анын айтымында, УКМКнын тергөө абагында асынып алыптыр деген туура эмес маалымат. Себеби асынып алганы боюнча  кынтыксыз, кепил боло турган далилдер жок.

«Абакта отурган, абактын абалын көргөн адам катары айтам, абакта адам өз жанын кыйышы үчүн чоң себептер керек. Ал себептер ар кандай болушу мүмкүн, ичинен кыйнашы мүмкүн. Бирок УКМКнын тергөө абагында түшүнүк менен жашоо деген жокко эсе. Ал жак мамлекет тарабынан катуу каралат. Менин айтарым, ошол жерде отурган айыпталуучулар дейбизби, шектүүлөр дейбизби, кысымга алып, өлүмгө түртө турган себеп болушу кыйын. Экинчиден, өлөрдүн алдында камерага которулуп, асынып калгандагысы, жакындары » экспертиза жүргүзүлүп, төш сөөгү сынган» деп жатышпайбы. Бул чоң айып, өтө ачык тергелиши керек. УКМКнын тергөө абагынын бүт жеринде видеокамера бар, залды карай турган кызматкерлер бар. Ал кызматкерлер эмнени карашты, эмне себептен камера которду, өлүмүнө эмне себепкер болду, ким түрттү же өзү асындыбы? Булардын баары дыккат каралышы керек».

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн прокуратура органынын териштирүүсүнүн жыйынтыгы жана президент тарабынан түзүлгөн комиссиянын чечиминен кийин гана окуяга баа берүүгө боло турганын белгилеп, Жогорку Кеңеш да депутаттык комиссия түзүп койсо болмок деген оюн айтты.

«УКМКнын тергөө абагында болобу, ИИМдин абагында болобу, Жазаларды аткаруу кызматынын абагында болобу, мындай окуялар кез-кез катталып турат. «Эки күндөн кийин баш коргоо чарасы каралып, абактан чыгармак» деген маалыматтар чыгып жатат. Ошолорду карасак. Андан кийин эки күн мурда мурунку отурган камерасынан көчүрүлгөнүн, булардын баарын комиссияга негиздеп бериши керек. Анан ошол комиссия кандай нукта иликтейт, профессионал комиссиябы, жетелеме комиссиябы? Ал бул комиссиянын курамына байланыштуу болот да».  

Президенттин басма сөз кызматы 18-июлда президент Садыр Жапаров саясат таануучу Марат Казакпаевдин, ошондой эле «Айыл банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзүүнү тапшырганын жарыялаган.

Комиссия окуялардын жагдайларын ар тараптуу изилдеп, анын ишинин жыйынтыгы өлкөнүн жогорку жетекчилигине берилет. Бирок комиссиянын курамына кимдер киргени көрсөтүлгөн эмес.

Copyright © 2017 Maral FM