Биз менен байланышыңыз

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды

Кыска кабар , Спорт | 19 Июн 2022 | 341 | 0

Бүгүн, 19-июнда Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды.

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча эркектер арасында 7 салмак категорияда ( 45 кг,48 кг, 51 кг, 55 кг, 60 кг, 92 кг жана 110 кг) беттештер өттү.

Чемпионаттын расмий ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Азиянын Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун президенти Даулет Турлыханов, Бүткул дүйнөлүк күрөш уюмунун вице-президенти Ахрол Рузиев, Дене тарбия жана спор департаментинин директору Канат Шабданбаев, Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев катышты.

Иш-чаранын ачылышында Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаевге, Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаевге, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурлан Исмаиловго, Күрөш федерациясынын вице-президенти Динара Исаевага, күрөш боюнча дүйнөнүн 2 жолку, Азиянын 4 жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Айсулу Тыныбековага жана федерациянын башкы катчысы Адинай Кемеловага Азиянын Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун Ардак грамотасы тапшырылды.

Азия чемпионаты 26-июнга чейин уланат. Өспүрүмдөр арасында (U17) 22-июндан тартып жаштар арасында (U17) өтөт.

Беттештер күн сайын саат 10:30 да башталып, 18:00до финалдык беттештер орун алат.

Чемпионат “Бишкек-Арена” муз аянтчасында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM