Кыргызстан эки жаш курактагы Азия чемпионатын өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
17 (U17) жана 23 (U23) жаштагылар ортосундагы турнир эртең 19-июнда башталып, 26-июнга чейин уланат. Анда күрөштүн олимпиадалык түрлөрү: грек-рим, кыз-келиндер, эркин күрөш боюнча балбандар күч сынашат. Бекитилген тартипке ылайык, баштапкы беттештер 10:30да, ал эми финалдык беттештер 18:00дө башталат.
Виноградная көчөсү, 1/3 дарегиндеги Bishkek Arena муз аянтында өтө турган мелдештерди Дүйнөлүк күрөш уюму расмий сайты аркылуу, андан тышкары УТРК түз алып көрсөтөт.
Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын 60 спортчу коргойт. Ошондой эле 6 калыс, 17 машыктыруучу катышат.
Беттештерди көрүүнү каалагандар үчүн билеттер муз аянттын кассасында 350 сомдон сатылууда.