Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумунун алкагында Орус өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Александр Новак менен жолугушту.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга Орусиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Александр Шохин да катышты.
Акылбек Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы мунай-газ тармагындагы кызматташтык динамикалуу өнүгүп жаткандыгын жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгилеген.
Орус өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Александр Новак өз кезегинде отун-энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.
Тараптар бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты.