Биз менен байланышыңыз

УКМКнын абагында банкир Бакыт Асанбаев асынып алды

Кыска кабар | 18 Июн 2022 | 1582 | 0

Ушул жылдын 30-апрелинен тартып УКМКнын тергөө камак жайына коррупция фактысы менен козголгон кылмыш иши боюнча айыпталып отурган «Айыл Банктын» насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаев өз жанын кыйды. Бул тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 18-июнда түнкү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев УКМКнын тергөө камак жайынын камерасында өз жанын кыйган. Ал камерасында асынып алган абалда табылып, ага тергөө камак жайынын кызматкерлери жана камералаштары тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматы чакырылган. Алар тарабынан Бакыт Асанбаев каза болгондугу аныкталган.

УКМК билдиргендей, Бакыт Асанбаевдин жанында дагы 3 айыпкер болгон, алар эки кишилик эки камерага бөлүнүп жайгаштырылышкан. Ошол эле учурда жунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон.

Асанбаев өз жанын кыюу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан, алар дагы кол салуу аракеттерин өз убагында алдын ала алышкан эмес.

Асанбаев камерага жайгашкандан бери ден соолугунун абалына, камакта кармоонун шарттарына даттанган эмес. Жактоочусу айыпталуучуга ээн-эркин кирип турган, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилген.

Мындан тышкары, камакта кармоо учурунда, өз жанын кыюу аракеттери жүрүм-турумунан байкалган эмес. Азыркы учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM