Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаадар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаадар министрлиги билдиргендей, 17-июндан 19-июнга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Ал эми дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлөт.