Биз менен байланышыңыз

Абанын булганышы дем алуу органдарынын оорусун күчөттү

Коом | 16 Июн 2022 | 635 | 0

Бишкек шаарынын жашоочулары дем алуу органдарынын оорулары менен көбүрөөк ооруй баштады. Бул тууралуу маалымат жыйында дарыгерлер билдиришти. Алар мындай оорулардын көбөйүшү шаардагы абанын булганышынан улам экенин эскертишти.

Кыргызгидрометтин маалыматына таянсак, борбордогу абанын булганышынын көрсөткүчтөрү жылдан жылга начарлоодо. «Юнисон Групп» коомдук фонду таза эмес абанын ден соолукка тийгизген таасири жана алдын алуу максатында «Конушумда таза аба» деп аталган долбоорду ишке ашырып жатат.

Бишкекте көптөгөн конуштарда газ жана борборлоштурулган жылытуу системасынын жоктугунан үйлөрдү жылытууда сапатсыз көмүр колдонулуп, дөңгөлөктөр жана тигүүчү цехтерден калган калдыктар пайдаланылып, кыш мезгилинде борбор калаада абанын булганышынын деңгээли жогору болууда.

Фонддун энергияны натыйжалуу пайдалануу боюнча адиси Жаныбек Кулумбетов «Конушумда таза аба» долбооруна 65 миң доллар бөлүнгөнүн билдирди. Ошондой эле ал анын алкагында Бишкекте кандай иштер аткарылып жатканы тууралуу маалымат берди.

«Биздин долбоор 20 жылдан бери энергияны үнөмдөө, айланага келтирилген зыянды азайтуу боюнча иш алып барат. Жаңы долбоор маалыматты жогорулатуу, шаардын ичиндеги абаны жакшыртууга багытталган. Көмүрдү жагууну эки эсе азайтуу, жарыктандыруу, электр энергиясына кетирген каражатты эки эсе азайтуу менен жакшы жашоо мүмкүнчүлүгүнө жетүүгө болот. Бул боюнча жаңы конуштардын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Дагы алдыда Күн коллекторунун жардамы менен жылуу сууну бекер алып, иштетүү боюнча тренинг өткөргөнү жатабыз. Ал эми кыз-келиндерге кездеменин өөнүнөн керектүү буюмдарды жасоону үйрөтөлү деп жатабыз».

Өткөн жылдын аягында швейцариялык IQAir компаниясы жүргүзгөн дүйнөлүк мониторингде Бишкек абанын булганышы боюнча артка кетип, абасы өтө булганыч он өлкөнүн катарына кирди.

Кыргызгидромет борборунун жетектөөчү адиси Айгерим Жусупова Бишкектеги түтүндүн негизги себептерин айтып берди.

«Абанын сапатын аныктоо үчүн жүргүзүлгөн көз карандысыз мониторингдин, андан тышкары датчиктерден алынган маалымат боюнча, аба жылдан жылга начарлап баратат. Жылытуу мезгилиндеги абанын булганышынын негизги себеби көмүр жана таштандыларды жагуу, таштанды жайлардагы өрт, унаалардын көбөйүшү, жалбырактарды ачык өрттөө, чакан заводдор, ЖЭБ, мончо жана сауналарда көмүр жагуу. Бишкектин абасын булгаган заттар азоттун диоксиди, формальдегид, көмүртек кычкылы жана майда бөлүкчөлөр».

Уруксат берилбеген заттарды өрттөө абанын булганышына алып келет. Мындай көрүнүштөр борбор калаанын бардык жеринде кездешет. Тыюу салынган заттарды өрттөгөн жашоочуларга карата салынган айып пулдар көтөрүлдү.

Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө муниципалдык инспекциясынын адиси Азат Ракымов калаада жыл башынан бери зыяндуу заттарды өрттөө боюнча укук бузгандарга карата 10 протокол түзүлгөнүн билдирди.

«Бишкек шаарында жыл башынан бери тыюу салынган заттарды өрттөө боюнча 10 протокол түзүлүп, 137 миң сом айып пул салынды. Жылдан жылга укук бузуулар азайып жатат. 2018-жылы укук бузууга 2000 сом эле айып пул салынчу. Улам булганып жатканынан айып пулду 5000 сомго көтөргөнбүз. 2021-жылдан тартып айыптын суммасы жеке жактар үчүн 7 500 сом, юридикалык жак үчүн 23 000 сомго көтөрүлдү».

Бишкекте абанын булганышы жашоочулардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылы дем алуу органы ооругандардын саны 200 миңден ашкан. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 65 миң адамга көптүк кылат.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Гүлнара Сарыбаеванын айтымында, айлана-чөйрөнүн ден соолукка тийгизген кесепети узак мөөнөткө созулат.

«Бишкек шаарынын жашоочулары дем алуу органдарынан көбүрөөк ооруй баштады. Айталы, өпкө, ооз, кекиртек, көз, кулак, нерв, кан басым оорулары, тубаса майыптык, залалдуу шишик, уулануу көп учурда экологиянын таасиринен пайда болот. 2021-жылы дем алуу органынан ооруган 217 миң 211 учур катталган. Ал эми 2020-жылы 152 миң 512 адамга жетти».

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, өпкө рагы жана жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыккандардын үчтөн бирине абанын булганышы таасир этет. Дүйнөдө 7 миллионго жакын адам абанын булганышынан жабыркайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM