Биз менен байланышыңыз

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Кыска кабар , Спорт | 16 Июн 2022 | 369 | 0

Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Кыргыз күрөш федерациясы билдирди.

17 (U17) жана 23 (U23) жаштагылар ортосундагы турнир 19-июндан 26-июнга чейин болот. Анда күрөштүн олимпиадалык түрлөрү: грек-рим, кыз-келиндер, эркин күрөш боюнча балбандар күч сынашат. Бекитилген тартипке ылайык, баштапкы беттештер 10:30да, ал эми финалдык беттештер 18:00дө башталат.

Виноградная көчөсү, 1/3 дарегиндеги Bishkek Arena муз аянтында өтө турган мелдештерди Дүйнөлүк күрөш уюму расмий сайты аркылуу, андан тышкары УТРК түз алып көрсөтөт.

Беттештерди көрүүнү каалагандар үчүн билеттер муз аянттын кассасында 350 сомдон сатылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM