Биз менен байланышыңыз

Мугалимди мазактагандарга айып салуу мыйзамы биринчи окууда каралды

Кыска кабар | 16 Июн 2022 | 284 | 0

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев, Мирлан Самыйкожо жана Улан Бакасов тарабынан демилгеленген.

Белгилүү болгондой, мыйзам долбоору педагогикалык кызматкерлерге карата мазактоо, жаман сөз айтуу, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана адепсиз жаңсоолорду, нерселерди көрсөтүү түрүндөгү мамиле үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында иштелип чыккан.

Атап айтканда, мыйзам долбоорунда окуучу же ата-эне – билим берүү мамилелеринин катышуучусу тарабынан жасалган, педагогикалык кызматкердин кесиптик ишине тоскоолдук кылуу менен байланышкан, кылмыштын белгилерин камтыбаган, педагогикалык кызматкерге карата сыйлабастык мамиле (мазактоо, жаман сөздөр, адепсиз жаңсоолорду көрсөтүү ж.б.) 3000 сом (12 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек адам тарабынан жасалган учурда 2000 сом) өлчөмүндө айып пул менен жазаланат.

Укук бузуу кайталанса, 5 миң сом өлчөмүндө айып пул же 3 суткадан 5 суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алуу (12 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек адам тарабынан жасалса 4000 сом) менен жазаланат. Мындай санкциялар жашы жете элек окуучунун ата-энесинин бирине же эгерде ал эрезеге жеткен болсо, окуучунун өзүнө же ошого жараша тарбиялык мамилелердин катышуучусу болгон башка адамга колдонулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM