Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясынын кызматкерлери кыргызча сабаттуу жазууну үйрөнүштү

Кыска кабар | 16 Июн 2022 | 549 | 0

Бишкек мэриясына караштуу муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери кыргыз тилинде сабаттуу жазуу боюнча атайын курстан өтүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз тилинде сабаттуу жазуунун теориялык жана практикалык маселелери» аталышындагы курсту мэриянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү уюштурган. Ага негизинен мекеме-ишканалардын кадрлар бөлүмүндө жана басма сөз кызматтарында эмгектенгендер катышкан.

Сабактарды филология илимдеринин доктору, профессор Үмүт Култаева Биринчи Май райондук акимиатынын жыйындар залында окуткан. Катышкандардын баарына атайын тастыктама тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM