Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургунунун үйүнөн 6 кг марихуана табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Аксы районунун Ак-Жол айылынын 54 жаштагы М.Н. аттуу тургунунун үйүн тинтүү жүргүзүү учурунда кампасынан бир нече баштыкка бөлүнгөн марихуана табылган. Мындан сырткары мыйзамсыз сакталып турган ок атуучу курал, ок-дарылар жана 130 миң сом өлчөмдө акча алынган.
Тиешелүү соттук-химиялык, соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, анын корутундусунда ал зат 6 кг марихуана экени аныкталган.
Шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Учурда тергөө улантылып жатат.