Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чек арадагыларга 4% менен ипотекалык насыя берилет

Кыска кабар | 16 Июн 2022 | 316 | 0

Баткен облусунун тургундарына 25 жылга чейин 4%дык ипотекалык насыя берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди.

Анын айтымында, учурда Министрлер кабинетинин токтом долбоору даярдалып жатат. Ага ылайык Баткен облусунун чек арага жакын аймактарына турак жай курууну каржылоо үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга 200 млн сом бөлүнөт.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө курулуш үчүн төрт жер аныкталган:

  • Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Бакай жана Керме-Тоо участкалары;
  • Кулунду айыл өкмөтүндөгү Раззаков жана Кулунду айылдары.

Ипотекалык насыялар ижарага алуу механизми боюнча берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM